Бишкекте балдар, жаштар жана чоңдор арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаарынын “Мэринин кубогу” эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 1-декабрдан 3-декабрга чейин өтөт. Мелдешке Кыргыз өлкөсү, Казакстан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышат.
"Турнир көркөм муз тебүүнү жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөнүн мыкты муз тебүүчүлөрүн аныктоо максатында өткөрүлүүдө. Маалымат үчүн: Ачылышы: 1-декабрь 2021-жыл, саат 16:00. Дареги: Шаардык муз тебүүчү аянтча, Виноградная көчөсү 1/3", - деп айтылат маалыматта.