Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүүгө чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу жарыяланат

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүүгө чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу жарыяланат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чыгармачылык бирликтери чыгармачылык эмгектерди кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыяланган учурдан тартып 10-декабрь саат 17:00гө чейинки мөөнөттө көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачылык эмгектерди кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссия 10-декабрь саат 10:00дөн тартып 20-декабрь саат 17:00гө чейинки мөөнөттө көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия жаатындагы, ошондой эле 2021-жылдын 10-декабры, саат 10.00дөн тартып 30-декабрь саат 17:00гө чейинки мөөнөттө адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачылык эмгектерди кабыл алат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ошондой эле чыгармачылык бирликтери Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу үчүн чыгармачылык эмгектерди берүүгө укуктуу.

Кароого 2016-жылдын 1-январдан тартып 2020-жылдын 31-декабрга чейинки мезгилде жарыяланган чыгармачылык эмгектер кабыл алынат.

Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө кабыл алынбайт:

  • чыгармалардын жыйнактары;
  • тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз жалпы тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;
  • изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;
  • концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.

Чыгармачылык эмгектер Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссияга Бишкек ш., Абдумомунов көч., 207 дареги боюнча берилет, маалымат үчүн телефондор: 0 (312) 96 21 46, 0 (312) 96 21 47, email: premiatoktogul@gmail.com.

Берилген материалдар комиссия тарабынан кайтарылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан