Талас облусунда 52 жаштагы киши токойдон асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Талас районунун Арал айылынын түштүк тарабында жайгашкан токойдун ичинен талга асынып турган жансыз дене табылганы айтылган.
Текшерүү учурунда ал Арал айылынын 1969-жылы туулган тургуну Ж.С. экендиги аныкталган. Аталган факты маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.