"Атамды тынч койгула". Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптарга кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тарапка кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Урматтуу шайлоого катышкан партиялардын жетекчилери. Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду. БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коёбуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот.
Ал эми мага акаарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле, Кудайга ишенем деп, дин жолунда жүрүшкөн жарандарыма айтарым:
Урматтуу жарандарым!
Мен дагы Кудайга ишенген адаммын. Атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан болгон. “Калыс бол, туура эмес жолго түшпө, куран окуганды үйрөн, намаз окуу” деп 8-классымдан баштап куран үйрөткөн адам болгон. Кудайым бейишинен берсин. Атамды тынч койгула. Бийлик тарап, шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсок, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишкен жокпуз. Болгону эки талап койдук. Адилеттүү жана мыйзамдуу иштегиле деп. БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы. Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем” деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Sultanmurat2000
2021-11-30 16:13:52
Биз президентке ишенебиз
+6
odin-takoy
2021-11-30 16:47:19
Мен кучтуу программист катары айтып койойун . Бул жерде добуш бурмалоого мумкунчулук жок
+2
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-11-30 16:48:14
Нуржан кетсин
+9
Beknazar8587
2021-11-30 17:05:06
Бакыт торобаевди ким шайлады дейсин тууган уругунан башка эчким шайлаган жок 18мин голос или достору кучтуубу
+11
Mister-XXX
2021-12-01 17:21:33
Beknazar8587,Эгер бир региондон жалгыз талапкер болуп калса өтүп кетет.
-2
Antiradikal10
2021-12-01 19:36:44
Mister-XXX, 21 партиядан 1000 чамалуу талапкер менен атаандаш болуп жатса, кайдагы жалгыз талапкер?!
+1
Fernando_Torres
2021-11-30 17:10:36
Сузак Эли 500 жуз мин Эл чыгат бакытты торт айыл эле шайлап койду башкалары болгондо дагы коп болмок бакыттын айылында 10 мин Адам жашайт бир эле айылда туугандары деле коп анын реально айтканда
-11
bond0202
2021-11-30 17:39:24
Fernando_Torres,сен динсиз не жазып атасын.кечеле кыргыздарга каршы жазып жатат элен.
Урматтуу админдер.ушуга окшогондорду неге текшербейсинер
+8
Antiradikal10
2021-11-30 17:15:42
Кучтуу программистмин дейби? Атангорууууу, кучтуу программисттер жугундуга зар эмес. Катардагы бийликтин жугундукору кайдагы программист.....

Бул да шефине окшоп ферма ферма ордок багат экен...))
+8
Jaraisyn
2021-11-30 19:10:14
Antiradikal10, эркекче адам эмес экенсиң сен
-5
zamir_kgz
2021-12-01 08:58:50
Jaraisyn, Ар бир унаада 12345 анан R же D1 D2 D DS P N анан R деген артка жүргөн рычаг бар ошого капа болбо аты эле айтып турбайбы анти - карама каршы деп.


-5
Antiradikal10
2021-11-30 17:19:33
Эч кимде 18 мин тууган жок. Жомокту да окшоштуруп айтса. Сузакка келсек, 500 мин эмес, 300 мин адам бар. Анын жарымы шайлоочу. Анын жарымы мигрант. Калгандарынын калгандарынын 1/3 гана шайлоого келди. Шайлоодо партиялык тизме боюнча 21 партияда жалпы 1000 талапкер болду.

Азыр эми бюллетендерди санаган менен ошол 18 мин чыгат. Анткени туну эле бюллетендер алмаштырылган.......
+8
Antiradikal10
2021-11-30 17:22:39
Кудай жолунда жургон биринин кылаар ишиби ыплас шайлоо откоруу? Качанкыга чейин актанат таза шайлоо откордум деп? Жен ичинен добуш сатып алуулар болгону учун кайра эле чимкирик олигархтар келип жатат. Ташиевдин партиясы, шайлоодон четтетилген досу, спикер Талант Мамытов катышканы учун да шайлоо таза откон жок. Анан баарын электрондук системага шылтап баштадыбы уялбай?!!

Атасына соз тийгизгиси келбесе, башкалардын добушун уурдабай, таза шайлоо откоруу керек эле!!!
+8
Antiradikal10
2021-11-30 17:25:47
Былтыры турмодон бийликке кантип келип калганын унуткан окшойт. Баары ыплас шайлоонун айынан болгон.

Тилекке каршы бир жыл отуп кайра эле бийликтин 3 партиясы бийликке келди. Былтыры Мекеним Кыргызстан, Биримдик, Кыргызстан болсо, быйыл Ата-Журт Кыргызстан, Ишеним, Ынтымак болду. Ошол эле жегичтер кайра шайланып келди. Былтыры да Бутун Кыргызстан 7% менен откон. Быйыл дагы ошол. Болгону Алтянс кошулду...

Таза шайлоо имиш.....

Аферист!!!
+10
Antiradikal10
2021-11-30 17:29:36
Туура, дакансалар Жапаров менен Ташиевке койнундагы жарынан да кобуроок ишенет... ))
+10
Akjol18
2021-11-30 21:37:52
Блютендерди алмаштыра алышпайт,ар бир шайлоо участкасындагы ишенимдүү адамдар протоколдун көчүрмөсүн алышкан.21 партия өздөрүнчө ар бири эсептеп чыкса деле болот.Анан БШКнын жыйынтыгына салыштырып,күмөндүү жерлерин анан тактап эсептеп чыгышса деле болот.
Жеңилген күрөшкө тойбойт болуп,дароо эле митингге чуркабай.
-3
Antiradikal10
2021-11-30 22:17:44
Биринчиден электрондук урнанын протоколдору боюнча жыйынтык чыкты. Шайлоо комиссиясы бюллетендерди бирме бир эсептеген кундо да, ар бир партиянын ар бир талапкерине канча добуш берилгенин эсептеп коруштубу? Ошолор протоколго киргизилдиби? Вряд ли.........
+4
odin-takoy
2021-12-01 01:53:17
Antiradikal10,ушундай кыйын болсон барып иштебейсинби ошол жака барып. Менимче сен пол жуугуч болуп иштеп журсон керек чет жакта
-2
zamir_kgz
2021-12-01 09:02:44
odin-takoy, ооба шайлоо комиссиясында ак көз кара көздөр отурат алар жөн эле тиктегени келгени жок шайлоого
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан