Бишкекте будо-каратэ боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, спорттук иш-чара 4-5-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Ага 10 команда, 160ка жакын спортчу катышып, мыкты команда наамы үчүн ат салышат.
"Турнирдин максаты - бул спорттун түрүн калк арасында жайылтуу жана өнүктүрүү, спортко активдүү катышуу жана сергек жашоого үндөө", - деп жазылган маалыматта.