Сумаянын атасы: "Бул ишти ким кылса дагы жүрөгү жок, ыймансыз адам кылган"

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин, текшерүү иштери жүрүп жатканын айтты.

"Азыр медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча эч нерсе дей албайм. Эч кимден, эч кандай күмөнүм жок. Кандайча мындай окуя орун алды деп ойлонуп бүтө албай жатам.

Бул ишти ким кылса дагы жүрөгү жок, ыймансыз адам кылган", - деди ал.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.

Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышты. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina00
2021-11-30 19:04:46
Ким кылса да жазасын алсын ылайыым
+14
nazira...
2021-11-30 20:51:21
Бейишке кирди түптүз эле. Кылган адамга кудайым жазасын берсин, түшүнөн чочуп уйкудан ойгонсун, акмак.
+6
aslan_akjol89
2021-11-30 21:27:58
Табылып калсын жырткыч айбан.Элге эле салыш керек мындай кылмышкерлерди.Наристе кызда не куноо???
+5
alinsan
2021-12-01 10:06:57
Аллах ал кызды бейиш менен сыйласын, жакындарына сабыр берип, кызы менен бейиште бирге болууну насип кылсын Кудайым!!!
+1
JaneEr
2021-12-01 19:14:43
Ким кылган болсо Аллах озуно кайтарып 1000 эсе азаптанып,кыйналып омуру жакшылык корбой жазасын алсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан