Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунда 15-ноябрда саат 02:56да күчү 3-3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында, Алай-Куу айылынан түштүк-батыш тарабынан 22 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 140 чакырым алыстыкта орун алды. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.