ЕККУнун эл аралык байкоочулары парламенттик шайлоо ийгиликтүү өткөндүгүн билдиришти

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эл аралык байкоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр эл аралык байкоочуларга болуп өткөн парламенттик шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө катышкандыгы, ошондой эле өлкөдөгү демократиялык процесстерди илгерилетүүгө ЕККУ тарабынан салттуу түрдө колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Казакбаев сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасында бийликтин жалгыз булагы болуп Кыргыз өлкөсүнүн көп улуттуу эли эсептеле тургандыгын белгилеп кетти. Эл аралык байкоочуларга маанилүү саясий жана коомдук өзгөрүүлөр боюнча маалымат берди. Мурда элдин анык эркин чагылдырбаган дал ушул парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин кыжырын келтирип, нааразычылыгын пайда кылгандыгын белгиледи. Демократиялык жана таза шайлоону камсыз кылуу өлкөнүн келечеги жана коому үчүн өзгөчө мааниге ээ болду.

Кыргыз өлкөсү тышкы саясатты ырааттуу жүргүзөрүн, ачык жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү боюнча кабыл алган эл аралык милдеттенмелерин ак ниет аткара тургандыгына ишендирди. Муну тастыктоо үчүн кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын чакыруусу боюнча дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн келген 700дөн ашуун эл аралык байкоочулары үчүн шайлоо процессине тоскоолдуксуз жана ачык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылды.

Жаңы бийлик биринчи кезекте демократиялык жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болуп, административдик ресурстун кийлигишүүсүн жана көпчүлүк добуштарды сатып алууну болтурбоону, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундугун жана бардык жарандар үчүн шайлоого бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну талап кылды.

ЕККУ/ДИАУБнун, ЕККУ ПА жана ЕКПА эл аралык байкоочулары кыргыз элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты.

Өткөн шайлоолордун атаандаштыгын, шайлоо процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо боюнча жогорку уюштуруу иштерин белгилешти.

Болуп өткөн шайлоолор тууралуу ЕККУ/ДИАУБ, ЕККУ ПА жана ЕКПА жалпысынан оң пикирин билдирүү менен, миссия өлкөдөгү кардиналдуу өзгөрүүлөрдү, ошондой эле жаштар менен аялдарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУ/ДИАУБ директору М.Мекаччи кыргыз тарабына эки айдын ичинде эл аралык миссиянын акыркы отчёту жиберилерин билдирди.

Жыйынтыгында министр ЕККУ/ДИАУБду эл аралык миссиясынын акыркы отчёту даяр болгондон кийин 2022-жылдын январь айында аны презентациялоого чакырды", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан