Жалал-Абадда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартууланды

Жалал-Абад шаарында мугалимдер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында шаардагы №2 К.Закиров атындагы орто мектептин эмгек жамааты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 20 өспүрүмдү шаардагы балдар ойноочу борборлордун бирине алып барып, майрамдык маанай тартуулашты.

"Бир айлыктын алкагында шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрүүнү улантышат. Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана камкорчусу жок балдарды тарбиялаган реабилитациялык борбор, балдарды калыптандыруу борбору жана үй-бүлө тибиндеги балдар үйү иштеп келет", - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 400гө чукул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан