Акыйкатчы институту Бишкектеги убактылуу кармоочу жайларды текшерди

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек ШИИББинин бөлүмдөрүнө мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө убактылуу кармоочу жайларда жана камераларда кармалгандар суралып, 20дан ашык адам эксперттин кеңешин алып, милиция кызматкерлеринин аракетине карата 2 арыз түшкөн.

"Кармоо шарттары боюнча, мониторинг тобунун эксперттери санитардык түйүндөрдүн начар абалы жана душтун жоктугу боюнча сын-пикир беришти. Учурда кармалгандар коронавирус инфекциясы жок экендигин тастыктаган медициналык документтерди алуу үчүн талап кылынган убакытка байланыштуу убактылуу кармоочу жайларда белгиленген мөөнөттөн ашыгыраак кармалып турат.

Ошондой эле райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги камактагы адамдан COVID-19 инфекциясын аныктоо механизминин жоктугу көйгөйлүү экенин билдирди. Ошентип ПЦР-тесттин оң натыйжасы менен кармалган адам УКЖга киргизилбейт жана ал айыккандыгы тастыкталганга чейин милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларда дарыланууга туура келет", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан