Бүгүн, 1-декабрда Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электр жарыгы оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү даректерде берилбейт:
Пахта, Островский, Темир жол, Транспортный, Кузнечный, Кызыл мехнат, Сейил, Низами, Жалил, Алма-Бак, Нагорный, Бадалов, Баев, Тургунбаев, Аттокуров Ботобай, Ынтымак, Живпром, ПМК, Арал, Жамашева №12, Абдукаимов, Энергетиков, Осмонов, Крупская, Жеңи-Жок көчөлөрүндө, №26, 28, 30а, 32, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 48, 50, 52, 54, 56, 58 көп кабаттуу үйлөрдө.
Мэрия шаар тургундарынан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.