Кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салуу кайра киргизилиши мүмкүн

Өлкөдө кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салуу кайра киргизилиши мүмкүн. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору Экономика жана соода министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

"Токтом долбоору учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кумшекердин керектөөчүлөрүнө экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында даярдалган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, октябрь айында канттын баасы 3,42 пайызга же 68 сом 68 тыйынга кымбаттаган.

Баалардын өсүшү, доллардын жана башка чет элдик валюталардын сомго карата курсунун жогорулашына байланыштуу. Мындай шарттарда баанын мындан ары көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү зарыл болуп калат", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик жөнгө салууну бир айдын ичинде баалар 20 жана андан да көп пайызга көтөрүлгөн шартта киргизүү мыйзамга ылайык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muku.85
2021-12-01 09:05:14
Кум шекерди эмне кыласынар унду майды жонго салсанар жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан