Чүй облусунун Токмок шаарында 30-ноябрда турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн 170 чарчы метр чатыры жана 10 чарчы метр эс алуучу бөлмө күйдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, жеринде 2 өрт өчүрүү бөлүмү жана 1 суу ташуучу унаа иш алып барышты. Өрт саат 16:09да чектөөгө алынса, саат 16:50дө толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн себеби такталып жатканын, жабыркагандар жок экенин кошумчалашты мекемеден.