Бишкекте жанаша турган унаалар күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү саат 03:20 чамасында Биринчи Май районунун Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде Мерседес-Бенц үлгүсүндө унаа толугу менен жана жанында турган Тойота Камри С230 үлгүсүндө унаанын бампери күйгөн.
Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, саат 04:08де толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.