Улуттук банк бүгүндөн тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы жаңы тыйындарды жүгүртүүгө чыгарат. Бул туурасында аталган банктан маалымдап, "Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл", саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенип жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү катарында "Өмүр сакчыларына таазим!" коллекциялык тыйындарын чыгарганын белгилешти.
"Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл" күмүш тыйынынын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет. Төмөн жагында анын номиналы 10 сом көрсөтүлгөн. Тыйындын арткы бетине кызматташуу, өз ара иш алып баруу жана өнүгүү жолдорунун символу катары чегилген сызыктардын сүрөтү берилип, герб түшүрүлгөн.
"Өмүр сакчыларына таазим!" коллекциялык жез-никель тыйынынын алдыңкы бетине коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесип ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Тыйындын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын билдирген таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырган. Төмөн жагында 1 сом номиналы берилген.