Белгилүү "Мурас" фольклор ансамбли жергиликтүү "Кайрос" рок тобу менен биригишти. Жаңы курама "Үркөр" аталышындагы долбоорду түзүштү. Бул туурасында комузчу, "Мурас" ансамблинин мүчөсү Айсаана Оморова айтып чыкты.
Айтымында, бул долбоор өзгөчө, кызыктуу болот.
"Мурас" ансамбли менен "Кайрос" рок тобу биригип, жаңы долбоор түздүк. Биздин чоң пландарыбыз бар, мыкты материалдарыбыз бар. Сиздердин колдооңуздар менен баарына жетебиз", - деди ал.