Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлган.
23-ноябрда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.Н. менен 1992-жылы туулган К.С. аттуу жарандын башкаруусундагы Тойота Ист үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Аталган унааны тинтүү учурунда анын багажынан эки спорттук сумка, алардын ичинде скотч менен оролгон 9 таңгак жана 1 баштык зат табылган. Өткөрүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал зат 10 килограммга жакын гашиш экени аныкталган.
Кармалган жаран М.Н. Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ушундай фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды тынымсыз жүргүзүп жатат.