Өлкө башчы Садыр Жапаров "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Бул мыйзамдын максаты - Кыргыз жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Президенттик администрациядан маалымдагандай, мыйзам менен инвесторлордун, эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык насыялардын шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргыз өлкөсүндө ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.
Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.
Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун, эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган.