Чүйдүн Москва районунда унаасын айдай качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрь күнү Москва РИИБине жергиликтүү 29 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, Mitsubishi Lancer үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап кетишкенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы унаа Бишкек-Чалдовар унаа жолунда жол кырсыгына учурап, анын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткени аныкталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 18 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.