Бүгүн, 1-декабрда БШКнын шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон партиялардын өкүлдөрү топтолушту. Учурда саат 16:45ке карата топтолгондор тарап кетти. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Мекемеден кабарлашкандай, БШКнын алдына 100гө чукул киши топтолду. "2 саатка созулган митингде эч кандай эреже бузуу же башка окуялар орун алган жок. Митинг тынч өттү. Шаардык милиция кызматкерлери кадимки режимде иш алып барууда. Борбор калаада абал тынч", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиянын лидерлери, өкүлдөрү БШКнын алдына митингге чыгышкан. Нааразы болгондор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүү талабын коюшкан.