Түркиядан операция жасаткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков Бишкекке кайтып келди. Музыканттын жубайы Асель Осмонова менен кабарлашканыбызда, алар 1-декабрга караган түнү өлкөгө келишкенин белгиледи.
"Кудай буюрса, Юрийдин абалы жакшы. Жакшы дегенден да коркуп калдым. Анткени бутуна жасалган операциядан 8 күндөн кийин тигилген жери ачылып, кан кетти. Эртеси күнү кайра операция жасалды. Ошентип бир эле бутуна эки жолу операция жасалды", - дейт ал.
Буга чейин легендарлуу "Досум Үсөн" ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынып жатканын, операциянын баасы 8000 долларды түзөрү маалымдалган. Көп өтпөй эле Юрий Бобков Стамбулга барып, бир операциясы ийгиликтүү болгону кабарланган.
Музыкант тизе муун оорусу менен 2015-жылдан бери жабыркап келет.