Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду.
Азыркы учурда партиянын мүчөлөрү УКМКнын алдына чогулуп жатышат. Алардын арасында партиядан талапкер болгон Наталья Никитенко да бар.
"Өлкөдө баш аламандык болуп жатат. Бири үзгүлтүккө учураган сервер болсо, экинчиси добуштарды колго саноодогу күмөндүүлүк. Азыркы убакта шайлоонун таза өткөнүнө ишенич жок. Биз шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз.
Ал эми Өмүрбек Текебаевге кол салуу бул бандитизм, коркутуу, үркүтүү. Биз жөн калбайбыз, укук коргоо органдарынан, УКМКдан талап кылабыз. Ким тарабынан кол салуу болгонун ачык айтышы керек", - деди Никитенко.