Ош шаарында унааны айдай качкан жаран кармалды

Ош шаарында унааны айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

23-ноябрь күнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө А.Ш. аттуу жаран кайрылып, анда өзүнө таандык болгон Kia Carnival үлгүсүндөгү унаасын Ырысбек аттуу жаран Ош шаарынын Мамыров көчөсүнөн белгисиз тарапка айдап кетип калганын билдирип, таап берүүнү өтүнгөн.

Бул маалымат Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмү жогорудагы унааны айдап кеткен кишини кармоо иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-аракеттин натыйжасында, көп өтпөй аталган унааны Ош шаарынын Монуев көчөсүндө айдап бара жаткан жеринен шектүү жаран кармалды. Бул окуянын чоо-жайын текшерүү үчүн унаа айып короого токтотулуп, аны айдап бара жаткан Ырысбек аттуу жаран Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан