Биз социалдык тармакта

Клара Сооронкулова: "Кол салгандар бүгүн, эртең табылбаса, анда бийлик тарабынан уюшулган дегенге ишенебиз"

Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду.

Партиянын мүчөлөрү УКМКнын алдына чогулушту. Алардын арасында партиядан талапкер болгон Клара Сооронкулова окуя боюнча пикирин билдирди.

"Өмүрбек Чиркешович жан сакчысы жок эле жалгыз жүрөт. Ал кофейняда кофе ичип жаткан кезде келишип, сыртка сүйрөп чыгышыптыр. Автобуска отургузуп алып кетүү аракетин көрүшкөн экен. Ошол жерден "Парк отелдин" кароолчулары, жолдо өтүп бара жаткандардан коркуп эле кетип калышыптыр. Күбөлөр көбөйүп кеткен да.

Ал адамдар эч нерседен коркпойт. "Бандит" болгондо чак түштө, өкмөт үйүнүн жанында, шаардын борборунда адамга кол салуудан коркот эле да. Демек, булар атайын бийлик тарабынан уюшулган кол салуу болду.

Булар бүгүн, эртең табылбай турган болсо, анда бийлик тарабынан уюшулган кол салуу дегенге ишенебиз.

Эгерде таап, жүзүн көрсөтүп, ушул кишилер кылыптыр, биз жазага тартабыз дей турган болсо, анда бул ишти кандайдыр бир "бандиттик" топтор жасаган.

Биз мамлекеттен аракет күтөбүз. Анткени биз мамлекетте жашап жатабыз да. Укук коргоо, коопсуздук органдары бар. Кандай болбосун булар өз милдетин аткарышы керек. Ошон үчүн УКМКнын имаратынын алдына келип турабыз", - деди Сооронкулова.

Клара Сооронкулованын Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча пикири
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ela93
2021-12-01 19:05:17
НПО сенин айынан болду ушул, Тилек,Али учоон куноолуусун. Байкуш Текени ИТ кылдынар
0
Scorpion_09
2021-12-01 19:10:06
Ушу силер озунор эле уюштуруп койдунар ,эптеп элди дурботуш учун ,элди дурботуп бийликти басып алабыз деп журбодунор беле ... чынын айтканда элдин силерди коройун деген коздору жок НПОШНИКТЕР ...Элдер эбак эле сазайынарды берип Кыргызстандан кууп чыкмак ...
+4
Fernando_Torres
2021-12-01 19:33:34
Ырас болот ошентип жетимсиреп кул болуп өтөсүң кудайды унутсанар ошол болот
-1
nazira...
2021-12-01 19:43:55
Теке өзү баш болуп Роза Отунбаева менен кошо уюштуруп Ош окуясын баштаган, аны унутуп калыптырбы. Жөн эле отурсаңар өзүңөрдү өзүңөр көтүңөрдү ачпай. Бок жегени площадка бардыбы ошону көрмөк аз болуп калыптыр дагы, тооба. Сени кошуп сабашпаптыр.
0
Kolyaa
2021-12-01 19:49:15
Өзүңөр уюштуруп бийликти күнөөлөп жатасыңар.

Силер канкорсуңар, бийликти алыш үчүн 200-300 адамдын өлүмү эчнерсе эмес силер үчүн Текенбаевдин мындай оюндарын көөп эле көргөнбүз Бакиевлердин башын жегенда силерсиңер, Ош окуясында силер уюштүргансыңар.

Силерге эл ишенбейт!!!
+3
Bekturbek
2021-12-01 20:00:04
Ата мекенди камаш керек полный!!!
+2
Scorpion_09
2021-12-01 20:01:29
Кол салуу болуптур десе ойлоптурмун Текени тебелеп кетиптир 100 киши деп , Текенин суротун кордум , чиркей чаккандай эле кызыл так калыптыр, эгер чын эле кол салуу болсо , Текенин соо жери калмак эмес , очки телефону менен кошо ... Эптеп эле дурботмой да эркекче ..
+4
Danysh1
2021-12-01 20:20:50
Бул жон эле шоу болсо керек элди дүрбөтүү үчүн өздөрү эле уюштурган болушу мүмкүн
+1
patriot.kg94
2021-12-01 20:51:28
Бийлик уюштурган болсо машинага тыгып эле салып кетмек 100 адам алы жетпейби не
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан