Бүгүн, 1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында спорт жаатындагы өлкө мыктыларына наамдарды тапшыруу аземи өтүүдө.
Аземде Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча балбан Акжол Махмудов "Мыкты спортчу" наамы менен сыйланды. Ал иш-чарага келе албагандыктан, сыйлык бир тууган инисине тапшырылды.
Эске салсак, "Токио-2020" Олимпиадасында Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болгон.