Биз социалдык тармакта

Медеткан Шеримкулов: "Текебаевге кол салуу өлкөдөгү абалды курчутуп жатат"

"Ата-Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон окуя боюнча саясатчы Медеткан Шеримкулов өз пикирин билдирди.

"Өмүрбек Текебаев көрүнүктүү саясий ишмер. Бүгүнкү күндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгы коомчулук тарабынан курч реакцияны жаратып жаткан учурда Текебаевге карата жасалган иш өлкөдөгү кырдаалды андан да курчутуп жатат.

Мындан улам мен укук коргоо органдары Текебаевге кол салып, анын өмүрүнө коркунуч жараткандарды тез арада таап, алардын аты-жөнүн ачык айтышы керек деп эсептейм. Мамлекеттик бийлик калк арасында тынчсыздануу жаралбашы үчүн коомдо стабилдүүлүктү жана тынчтыкты камсыздоосу керек", - деген ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KG-312
2021-12-01 20:24:22
Өлкөдө абал тыптынч, Теке жөнүндө өзүңөрдүн текемекен партиясынын ичинде эле абал туруксуз болбосо, биз нормальный эле жашап атабыз!!!
0
EddieNigma
2021-12-01 20:28:29
Содир чыныгы зек экенин дагы бир жолу далилдеди. АУЕ!
0
Bak.taalai
2021-12-01 20:39:43
EddieNigma,даааа
+2
zam81
2021-12-01 20:57:37
Аны колдогон эчким жок арким жашоосу менен
-2
Simels
2021-12-02 00:09:03
Эч кандай абал курчуган жок! Шайлоодон өтпөй калып өзүңөрдүн ичиңер курчуп жатат!!!
0
Goodyer
2021-12-02 01:20:12
Жеенбековтон дагы отушуп кетти
0
Belo
2021-12-02 02:07:25
Озунор эле курчупатасынар, элдер жон эле жашапатшат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан