Биз социалдык тармакта

УКМК Өмүрбек Текебаевдин окуясына байланыштуу кайрылуу жасады

УКМКдан социалдык тармактардагы "Өмүрбек Текебаевдин телефону УКМК имаратына жакын жерден табылды" деген билдирүү боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Өмүрбек Текебаевге "Park Hotel'дин" жанында кол салуу болгон окуя УКМК менен да, анын кызматкерлери менен да эч кандай тиешеси жок. Ал эми социалдык тармактарда анын телефону УКМКнын жанында табылды деген маалымат бул укук коргоо кызматтарына болгон провокация жасоого болгон аракет.

Саясатчыларды жана алардын тарапташтарын провокациялык акциялардан алыс болууга, укук коргоо органдарын, анын ичинде УКМКны күнөөлөөдөн алыс болууга чакырабыз. Жалган жалаа жабуу, провокациялык акцияларды уюштуруу, УКМКга негизсиз айып таккандар жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Белгилей өтсөк, буга чейин социалдык тармакта Өмүрбек Текебаевдин жоголгон телефону УКМКнын имаратына жакын жерде табылды деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kolyaa
2021-12-01 21:54:09
Түрмөгө олтургузгула баарын.
+3
alimbek94
2021-12-01 21:55:42
Мындай ишти Садыр Жапаровтун жалданган эктримист радикалдары жасап жатат. Азыркы бийлик талибан сымал экстримисттерди пайдаланбасын. Элге шерменде болот. Кийин көнүмүш адатка айланып бара жатат.
-6
Antiradikal10
2021-12-01 22:46:32
Ташиев адатынча Ормон опузасын баштадыбы?! Бул адамда мээ ордунда да опко барбы деп ойлочу болдум...
-7
Kolyaa
2021-12-01 22:46:57
Алимбек.Садыр менен Ташиев жакын адамыңды зордуктады беле?

Баары коментарийиңди окуп чыктым экөөнө жаман сөздөрдү жазыпсың.
-1
alimbek94
2021-12-01 23:23:05
Азыркы бийликтин талибан сымал динбаш экстримисттери далай адамдарга кол салат. Буларга окшогон динбаштарды согушка тартыш үчүн "каапыр" деген сөз эле жетиштүү.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан