14-ноябрда Кыргызстанда 22 өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Өрт өчүрүүгө 24 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, кырсыктан 1 адамдын өмүрү куткарылды. Тактап айтканда, Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылынын тургуну Бахадыр Аликуловдун үйүнөн чыккан өрттөн үй ичинде калып калган 13 жашар бала куткарылды.