Кыргыз футболдук союзу футбол жаатындагы эң мыктыларга сыйлык тапшырат

Кыргыз футболдук союзу футбол жаатында эң мыкты жетишкендиктерге жеткен инсандарды белгилөө үчүн салтка айланган сыйлык тапшыруу аземин өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, салтанаттуу кече Бүткүл дүйнөлүк футбол күнүндө, тагыраагы 10-декабрда өтөт.

"Кыргыз өлкөсүнүн футболу жана футзалы үчүн 2021-жыл өзгөчө болуп саналат. Анткени быйылкы жылы ата мекендик футбол 100 жылдыгын белгилеп жатат. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи мааракелүү жылды жыйынтыктайт", - дешти футболдук союздан.

Төмөндөгү номинациялар боюнча сыйлыктар өз ээлерин табат:

«Профессионал Лиганын мыкты футболчусу»;

«Футзалдын мыкты оюнчусу»;

«Футболдун мыкты машыктыруучусу»;

«Футзалдын мыкты машыктыруучусу»;

«Футболдун мыкты калысы»;

«Футзалдын мыкты калысы»;

«Мыкты спорттук уюму»;

«Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу»;

«Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу».

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан