Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов... "SPORTS AWARDS – 2021" сыйлыгына кайсы спортчулар татыды?

1-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында спорт жаатындагы өлкө мыктыларына наамдарды тапшыруу аземи болуп өттү. Азем алгач гимн менен башталып, ыр-бийлер менен коштолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү сыйлыктар тапшырылды:

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча:

"Мыкты спортчу" наамы - Акжол Махмудов

"Мыкты спортчу айым" наамы - Айсулуу Тыныбекова

"Мыкты машыктыруучу" наамы - Руслан Маджинов

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча:

"Жыл жаңырыгы" наамы - Эрназар Акматалиев;

"Мыкты спортчу" наамы - Бейбарс Анарбеков;

"Мыкты спортчу айым" наамы - Самара Абдумалик кызы;

"Мыкты машыктыруучу" наамы - Азамат Казакбаев

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча:

"Мыкты спортчу" наамы - Ынтымак Мурадил уулу;

"Мыкты машыктыруучу" наамы - Нурлан Молдакунов;

"Мыкты улакчы" наамы - Нуржан Мелисбек уулу

Паралимпиадалык спорт түрлөрү боюнча:

1-орун - Арстанбек Назаркулов (Диплом, акчалай сыйлык)

2-орун - Дастан Камчыбеков (Диплом, акчалай сыйлык)

3-орун - Нурбек Тойчубаев (Диплом, акчалай сыйлык)

Сурдлимпиадалык спорт түрлөрү боюнча:

1-орун - Илгиз Каналбек уулу;

2-орун - Смадияр Джумакадыров;

3-орун - Динмухаммед Бийгелдиев

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча:

1-орун - Болот Азамат уулу (Диплом, акчалай сыйлык)

2-орун - Нуртилек Касым уулу (Диплом, акчалай сыйлык)

3-орун - Дария Кудайназарова (Диплом, акчалай сыйлык)

Иш-чаранын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы:

"Мурат Саралинов атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү" - машыктыруучу Нурбек Изабеков, Азат Эркимбаев

"ММА боюнча мыкты мушкер" наамы - Алтынбек Мамашов

"Мыкты меценат" наамы - Шаршенбек Абдыкеримов

Ошондой эле атайын сыйлык менен Эверест чокусун багындыргын Эдуард Кубатов сыйланды.

Мындан тышкары массалык спорттун өнүгүшүнө салым кошкондорго да сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, "SPORTS AWARDS – 2021" сыйлыгы спорт жана дене тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 7-ирет уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-12-02 09:30:27
Эн жакшы спорту колдоп турса осуп онугуп турат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан