Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча жактоочу Канат Хасанов: "Кийинки кезек кимде? Мендеби? Айтайын, атам. Бир-экөөнү ала жатам"

Жактоочу Канат Хасанов "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча кайрылуу жасады. Кайрылуу видеосун ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"70тей адам Өмүрбек Чиркешовичке келип кол салды. Алар 3 маршрутка менен алып кетебиз деп келишиптир. Урматтуу бийлик! Муну кандай түшүнсө болот? Эми ушундай ыкмага өттүңөрбү? Кийинки кезек кимде? Мендеби? Айтайын, атам. Бир-экөөнү ала жатам. Муну кандай түшүнсө болот?", - деди Хасанов.

Мындан тышкары, Канат Хасанов шайлоону тааныбай турганын айтып, Өмүрбек Текебаевге кол салгандар боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровго, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Кечээ, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.

Канат Хасановдун кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pchelka85
2021-12-02 10:01:16
Ой еее. Горе актерлор.. уялсанар боло...
-5
Fernando_Torres
2021-12-02 10:15:13
Эл чыккынчысы силердин айынардан Баткенге душмандар кол көтөрүп жатат өлсөң өлө бер бирок өлсөң дагы дастойный өл эркектей болуп тоджик менен СОГУШУП ол жок дегенде мекенге пайданы тийгиз
-5
Antiradikal10
2021-12-02 10:22:30
Апрелдеги тополондо Садыр Жапаров шефинер президент башы менен 1-2 кун жашынып жатты го, эл кырылып жатса.....

Бийликтин камчысын чапкан дакансалар, силер эмнеге барып согушпадынар?! Биринчи озунордон баштагыла......
+1
rysik79
2021-12-02 10:42:22
Албек завхоз да атам деп камалып кеткен. хасанып хунат сен да өтө билесиң кандай адамсың
-4
kazybek0108
2021-12-02 10:53:55
Келип кеткидей, силерден башка иши жокпу алардын
-4
Take-72
2021-12-02 12:51:13
"Кол салды"деп ушуну оздору уюштуруп аткан жокпу иши кылып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан