Баткен облусунун Дахма аймагына Тажик тараптан бир нече ирет ок атуулар болду. Ок атуу кечээ, 1-декабрда орун алганын, түндө абал тынч өткөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, кечээ саат 21:15 чамасында Баткен районунун Дахма тилкесинде мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 жолу ок чыгарган.
"Буга байланыштуу Баткен районунун Төрт-Көчө участкасында саат 23:30. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу чек арага жакын райондордун акимдери, тараптардын укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында тараптардын укук коргоо органдары бүгүн, 2-декабрдан баштап чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды. Тараптардын чек ара бөлүктөрү күн сайын кызматын улантат", - дешти мекемеден.
Бүгүн саат 9:00гө карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экенин кошумчалашты мекемеден.