24 жаштагы кыз жабыркады. Бишкекте турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыкты

Бишкектеги Көк-Жар конушунда турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкты. Өрт кечээ, 1-декабрда саат 09:47 чамасында катталганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен 2 тонна көмүр, 3 куб отун жана 5 кап картошка күйдү. Андан тышкары 1997-жылы туулган кыз көмүр кычкыл газына ууланып "Тез жардамга" кайрылды. Абалы туруктуу.
Учурда өрттүн себеби такталууда дешет министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан