Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму жыл жыйынтыгын чыгарды. Аны утурлай мыктылар менен кошо кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековго акчалай сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк күрөш уюму биринчи жолу күрөштүн эркин, кыз-келиндер жана грек-рим түрү боюнча 30 салмактагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандарды акчалай сыйлык берип жатат. Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы балбандарга үч миң доллар сый акы каралган.
Грек-рим күрөш боюнча 60 килограмм салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны 54 упайы менен рейтингде үчүнчү орунда турат. Рейтингде биринчи орунда 76 упайы менен молдовалык балбан Виктор Чобану турат. Ал эми Токио Олимпиадасынын чемпиону, кубалык Луис Орта Санчез (68 упай) экинчи орунда.
Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков быйыл Ослодо өткөн дүйнө чемпиондугунда күмүш байге уткан. Ал эми Токио Олимпиадасында чейрек финалга чейин жеткен.