Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы мисал кылуу менен эскертүү берип, этият болууга чакырган үн жазуу WhatsApp аркылуу тараган.

Бул аудио социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Аксы РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аудиону WhatsApp тайпасына тараткан адам аныкталды. Ал Аксы районунун тургуну 1982-жылы туулган
К.Ш. экени белгилүү болду.
"Ал айыл элине балдарга көз салуу менен этият болууга чакырып, бирок Сумая тууралуу толук маалымат билбей туруп экспертиза чыкты деп тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, бул туурасында өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан жана Сумаянын жакындарынан кечирим сурады.
Бул факты текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп белгилешти мекемеден.
Маалымат үчүн:
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.
Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышты. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.