Жаңы кодекске ылайык бир жылдын ичинде айдоочу улам сайын мас абалда кармалса ага 20 миң сом өлчөмүндө айып же болбосо 40 саатка коомдук жумушка тартылат, же үчтөн беш суткага чейин камакка алынат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
193-берене "мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү".
1. Алкоголь, баӊгизат, психотроптук жана башка заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, – жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.
2. Айдоочунун жана транспорт каражатын башкарган адамдардын белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу – жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.
3. Алкоголдук, баӊгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автотранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын
айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын, же бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын башкаруусуна берүүсү, – жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундар адамдын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирсе, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет.
5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жоосун бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет.