Бишкек ШИИББи: "Нуржан аттуу айымга №4-төрөт үйүнөн ымыркайды дарыгерлер алып чыгып беришкен"

“№4-төрөт үйүнөн уурдалган ымыркайды Нуржан аттуу айым уурдаган эмес. Ага ошол төрөт үйдүн кызматкерлери өздөрү алып чыгып беришкен". Муну Super.kg порталына бүгүн, 15-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.  

 

Маалыматка таянсак, ымыркай ара төрөлгөн наристелер жатчу палатада жаткан, кийин аны 1956-жылы туулган Роза аттуу мээрман айым башка палатага которуптур. Ал кылган иштерин алгач мойнуна албай, тергөө учурунда көрсөтмө берген эмес. 14-ноябрь күнү кечинде Роза менен күбөлүктү алууга жардам берген Бегайым кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилиптир.  

 

“Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы дарыгери жана ымыркай жоголгон күнү нөөмөттө турган №4-төрөт үйүнүн кызматкерлери убактылуу ээлеген кызматынан четтетилди. Тергөө иштери уланууда. Баланы уурдоого тиешеси барлардын саны дагы көбөйөт. Жакында бул иштин башында ким турганы аныкталат”,- деп кошумчалады Бакыт Сейитов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
INailia
2013-11-15 14:54:52
байкуш наристени жоготкон эне кандай акыбалда болду экен.шугур табылганына ал эми бул кылмышка тиешеси барлар бут жоопко тартылышы керек
0
Jamalym
2013-11-15 15:05:09
Ушул айымдардын оздорундо бала бар болду бекен?Кантип дити барат дейм да ушундай ишке.Жакшы табылыптыр.
0
tynara81
2013-11-15 15:36:51
Ошол ишке барган аялдар кыска ойлонуп коюптур же аларда ой ойлоочу мээнин озу жок окшойт. Ымыркайды эч ким издебейт дештиби, же таба алышайт дегенби.. Табылып калганы жакшы болуптур, аллага шугур.
0
netsa
2013-11-15 15:47:11
tynara81 мен жанылбасам супер инфонун бир санында ушундай окуя болуп,иш билинбей буткон.Анда бир эже эгиз кыз тороп,озу оор ахвалда калганда кыздарын чарчап калды деп койду врачтар деген интервюсу бар эле.Ошентип энесинин абалынан пайдаланалы дешкен го булар да.Мындайларга катуу жаза бериш керек,болбосо улана бериши мумкун!
0
Chika12
2013-11-15 17:05:45
ЭМи 4 торот уйуно эч ким торгону барбайт, туура кылат, 1 ай мурун эле, торот уйундо врачтар менен коштоп келген адамдардын арасында чыр чатак чыккан эле, алар туп туура кылган экен. Бул торот уйундо мындай корунуш 1 жолу эмес, врачтарга бул эч сабак болбой калды, акча учун эмнеге гана барышпайт.
0
chinko
2013-11-15 23:18:50
Жанылышпасам бул окуяны башында жазганда торогон аялдын маткасын алып салышкан экен аны биз торот уйунон башка болумго которгондо билдик дегендей болду эле. Эмне себептен м алышты экен анын себебин жашышкан жок. Анда маткасын атайы эле алып салышкан болсо керек, абалы начар убакта баланы уурдаганга.
0
13-nazi
2013-11-15 23:30:10
№4төрөт үйүндө бала сатылды деген маалыматтар менен көп таркатылып, тергөө иши аягына чыкпай калат. Бул деле ушул бойдон калбай №4 төрөт үйүнүнбизнесмен врачтары жазаланса экен.
0
aytpaymyn
2013-11-16 00:36:55
кимдир бироо балага зарыгып сатып алгандыр уй-булоосун сактап калыш учун.окунучтуусу азыр акчага жанын дагы сатып атышат ким билет мумкун"запчасть"кылып сатышыда мумкун,бир кудай билет.
0
arimaz89
2013-11-16 02:34:37
Наристенин омурун берсин Кудайым!Ал эми бизнесмен врачтарга соз жок. Олум менен омурдун ортосунда болуп,баланы жарыкка аран алып келээрин коруп турушуп жасагандарын... А тиги Нуржан айымга бала керек болсо башкадан которбойбу баланы 9 ай, анан тороп куйооно корсотсун. Дайын балага сук арткан "акылдуусун"
0
Shai
2013-11-16 09:08:49
Ушунчалык эле бала керек болсо. Балдар уйундо канча жаш балдар эне-атанын мээримине муктаж балдар толтураго ошолордон закондуу турдоле алып бакпайбы сообу да тиетко. Ата-энеси тирик баланы уурдабай. Бирок ал келинда эс учун кичине жоготконго.
0
mikinookat
2013-11-16 16:27:35
а мумкун бул келин дет.домдон алып баккысы келбей ата-энеси бар нормальный уй-булонун баласын багууну каалагандыр. Келинди куноолобойм мен ортодон ойуп,жолдон уруп акча жегиси келгендерди куноолойм мен...
0
ruslanwww
2013-11-16 20:54:35
кудай сакта радомго барып торогондонда коркосун
0
semirbedim
2013-11-17 01:05:04
"ДАРЫГЕРЛЕР" алып чыгып беришкен дешиптир,эмне учун ошол алып чыгып берген дарыгердин атын жазбай дарыгерлер деп жазган. бул жерде конкретно бир адам алып чыгып берген да. эмнеге атын жазышпайт? ал дарыгер давно ким экени такталса керек. просто биздикилер акча менен ишти жаап жатышат да ошого атын айтпай жатат. сот ошол адамга кандай чечим чыгарат экен королучу СУПЕР ИНФО
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан