УКМК тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кармалды. Коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө товарларды импорттоодо коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысы аныкталганы айтылат.
"Ак-Тилек" салыктык каттоо пункту жана ушул транспорттук көзөмөл пункту аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын алуу фактысы боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган ведомстволордун төмөнкү кызматкерлери кармалды. Алардан маркаланган акча каражаттар далил катары алынды.
1. Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматын башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы инспектору М.Э.Х. кармалып, тинтүү учурунда 4 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча табылды;
2. Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагындагы салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Д.А.А., жеке тинтүү учурунда 6 миң сом өлчөмүндөгү маркаланган акча алынды;
3. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору А.Н.Т., тинтүү учурунда 5 миң сом өлчөмүндөгү акча алынып, анын миң сому маркаланганы анык болду;
4. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Ак-Тилек” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору М.А. кармалды.
5. ЕАЭБдин алкагында Чүй облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Т.К.Н. Хонда үлгүсүндөгү автоунаасынан "Ак-Тилек" салыктык эсепке алуу пунктунун айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү документтери жок же баасы төмөндөтүлгөн товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн сый акы катары системалуу түрдө алынган 114 миң 300 сом накталай акча каражаты табылды.
"Бул өз кезегинде салык төлөмдөрүнүн жетишсиздиги түрүндө мамлекетке чоң зыян келтирет. УКМК тарабынан жогоруда аталган адамдардын катышуусунда комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кармалган кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилип, Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгарылат", - дешти маалымат кызматынан.