Электр жарыгы үчүн туумдарды кечүү кампаниясы башталды. Электр ишканалары Жаңы жылдык акция жарыялады

"Түндүк электр", "Чыгыш электр" жана "Ош электр" ишканалары Жаңы жыл алдында абоненттерге акция жарыялады. Тагыраагы, аталган ишканалар 11-ноябрдан 31-декабрга чейинки аралыкта керектелген электр жарыгы үчүн болгон карыздарын, ошондой эле учурдагы төлөмдөрдү төлөгөн абоненттерге айыптык төлөмдөрдү кечүү кампаниясынын башталганын билдиришти.
"Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды төлөгөндөн кийин автоматтык түрдө туум эсептен чыгарылат. Муну менен абонент акчасын үнөмдөп, андан тышкары кара тизмеден чыгарылат жана ар кандай соттук териштирүүлөрдөн, ыңгайсыздыктардан кутулат. Бул акцияга бардык категориядагы абоненттер катыша алат. Туумду эсептен чыгаруу акция аяктагандан кийин жүргүзүлөт", - деп кабарлашты Энергетика министрлигинен.
Акция 31-декабрь 2021-жылы аяктайт.
Туумду эсептен чыгаруунун эрежелери:
31-декабрга чейин төлөм жүргүзүлгөндө;
31-декабрга карата карызы болбогондо.
Январь айынын биринчи декадасында эсеп дүмүрчөк алган абоненттер алдын ала төлөм жүргүзүп акцияга катышып, туумду эсептен чыгарса болот.
Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ишканасынын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштөөчү Колл-борборунан алса болот.
Колл-борбордун номерлери: 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209, 0551001209 (вотсап).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ozgocho111
2021-12-02 13:08:14
Жарыялады болот супер
+1
Eden-Hazard
2021-12-02 13:20:22
Кампания эмес, компания, анан Жарыялады...)
-3
Antiradikal10
2021-12-02 13:35:02
Кампания менен компания эки башка соз. Компания бул бир ишкана. Кампания кайсы бир иш-чаралар топтому.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан