УКМК Ахматбек Келдибековду суракка алды. Бул боюнча комитет төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге комментарий берди.
"БШКнын сервериндеги иш боюнча коомчулукта айтылып жатат. Бирок анын бюллетендердин санына таасири тийбегенин айтып эле жатабыз. Ага карабастан Ахматбек Келдибеков бул схеманы туура эмес деп такыр жок схеманы өзүнүн социалдык баракчасына жазып, элдин башын айландырып жатты. Биз аны чакырып БШКнын сервери кандай иштей турганын, саноо механизми кандай боло тургандыгын, мамлекеттик системада мамлекет кандай корголо тургандыгын түшүндүрүп жатабыз", - деди Ташиев.
Ахматбек Келдибеков сурак берүү үчүн бүгүн, 2-декабрда УКМКга кирип кетти. Анын себебин комитеттен Ахматбек Келдибеков добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган деп түшүндүрүшкөн.