Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" аймагындагы унаа токтотуучу жайга соода орундарын коюп алган жарандарга карата рейд жүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
"Бул жолу “Бишкек унаа токтотуучу жайлары жана туруктары” муниципалдык ишканасынын адистери Ленин акимчилиги менен биргеликте Токтогул көчөсүн Бейшеналиева жана Кулиевге чейинки, Кулиев, Токтогул жана Киев көчөлөрүнө чейинки тилкелерди текшеришти. Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын аймагында стихиялуу сооданын алдын алуу боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Соодагерлер унаа токтотуучу жайдан чыгарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жол кыймылынын жана соода эрежелерин бузбоону суранат.