Жалал-Абадда 11 айда жол кырсыгынан 141 адам көз жумду

Жалал-Абад облусунда 11 ай аралыгында жалпы 576 жол кырсыгы катталган болсо, анын кесепетинен жалпы 141 жаран каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын 250сү Бишкек-Ош унаа жолунда катталган, бул унаа жолунда 82 жаран каза болгон.

"Бишкек-Ош унаа жолунда такси кызматын аркалап, жүргүнчү ташыган унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле "Тез жардам" кызматкерлери айдоочулардын кан басымдарын текшерүүдөн өткөрүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан