Кочкор-Атада дээрлик бир ай мурун жансыз денеси табылган кишинин жакындары милиция чабал иштеп жатканын айтышты. Мекеменин жообу

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган 58 жаштагы Саттар Асылбаевдин өлүмүнө шектүүлөр аныктала элек. Маркумдун жакындары милиция кызматкерлери чабал иштеп жатат деп кайрылышты. Алардын айтымында, тергөөчүлөр ишти кароону созуп жатышат.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин билдиришти.

"Табылган жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Кылмыштын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат", - дешти.


Окуянын чоо-жайы:

Саттар Асылбаев 23-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында бир тууган эжесине байланышка чыгып, андан кийин телефону өчүк болуп калган. Андан кийин издөө иштери жүргүзүлүп жатканын, бирок жыйынтык болбой жатканын Мээрим айым айтып кайрылган.

Бир канча күндөн кийин изделип жаткан жаран киши колдуу каза болгону, жансыз денеси таштанды таштоочу жайга жакын жерден табылганы белгилүү болгон. Маркумдун жакындары Кыла айылынан Кочкор-Ата шаарына чейинки трассада 23-октябрь күнү саат 18:00дөн 22:00гө чейинки аралыкта унаа башкаргандарга камерасы болсо видео жазуу менен бөлүшүп коюу өтүнүчү менен айдоочуларга кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан