Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт. Коңшу өлкөлөрдүн спортчулары дагы катышат

Борбор калаада 4-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дүйнөлүк таэквондо боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Мэриядан билдиришкендей, чемпионатка Бишкек шаарынын бардык командалары, ошондой эле Чүй, Ош, Баткен облустарынын, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Таэквондо академиясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдештин башталышы саат 09:00, расмий ачылыш аземи 13:00дө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан