Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети парламенттик угуу өткөрөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, парламенттик угуу "Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" жана "Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" долбоорлору тууралуу өтөт.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Иш-чара 10-декабрда саат 14:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан