Арзыбек Кожошев Москвада өткөн экинчи Евразиялык конгресстин кеңешмесине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарында өткөн экинчи Евразиялык конгресстин пленардык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Арзыбек Кожошев санариптик өнүгүү, “жашыл” экономика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорттук-логистикалык инфраструктура чөйрөсүндө ири инфраструктуралык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыгын жана келечегин белгиледи.

Ошондой эле илимий-изилдөө иштерин колдоо зарылдыгын жана Кыргыз өлкөсүнүн ири гидроэнергетикалык потенциалынын фонунда энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан