3-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 971 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 3-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 971 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 156 метр куб, агып чыгышы 534 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 3-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 655 миллион метр кубду түзгөн.