Бүгүн, 3-декабрда президент Садыр Жапаров Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"3-декабрь - дүйнө жүзү менен бирге Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сый-урмат көрсөтүү күнү катары белгиленип келет. Алардын өзгөчө муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө бүгүн эле эмес, ар дайым көңүл буруу максатында иш-аракеттер көрүлүүдө.
БУУнун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө конвенциясын мамлекетибиз ратификациялагандан бери биз андай жарандарга инфратүзүмдүн жеткиликтүүлүгүн, мыйзам астында билимге, эмгекке жана иш менен камсыз болууга тең укуктуулугун жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди өзүбүзгө алдык.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды иш менен камсыз кылуу алардын жашоо-турмушуна каражат табуусуна гана өбөлгө түзбөстөн, коомго керек экендигин сезүүсүнө да шарт-жагдай түзөт. Алар иштеген учурда башка кишилер менен баарлашып көңүлү сергийт, дос-тамыр күтөт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш орундары эле эмес, театр, музей жана башка эс алуу, оюн-зоок жайлары жеткиликтүү болууга тийиш.
Элибиз эзелтеден кайрымдуу. Калк арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга боорукер, мээримдүү мамиле жасап, аларга каралашкан инсандарыбыз көп. Ага жараша мамлекет менен коом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар тараптан колдоо саясатын мындан ары да арттырат. Андай жарандардын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл чордонунда болот.
Баарыңыздардын алдыга койгон ой-максаттарыңырга жетишиңерге тилектешмин. Сиздерге жашоодо бекем ишеним, майтарылгыс эрк, кайрат, оптимизм каалайм. Эң негизгиси жакындарыңыз менен катар эле мамлекетиңиздин да колдоосу бар экенине дайыма ишениңиздер", - деп жазылат кайрылууда.