UFC: Эки күндөн кийин беттеш. Рафаэль Физиев кайсы өлкөнүн желеги менен чыгат? Өзү жооп берди

Мушкер Рафаэль Физиев 5-декабрда өтө турган UFC уюмундагы беттешине нейтралдуу статуста чыгат. Бул тууралуу мушкер "Ушатайка; Спорт Экспресс" ютуб каналына берген маегинде айтты.

"Бул суроо жоопсуз эле калсынчы. Мен мени колдогон күйөрмандарымдын өкүлүмүн. Жанымда жүргөндөрдүн, ММА күйөрмандарынын өкүлүмүн. Беттешке желеги жок чыгам", - деген Физиев.

Рафаэль Физиев 5-декабрда "UFC on ESPN 31" турниринин алкагында жаңы зеландиялык Брэд Ридделл аттуу балбан менен кез келет.

Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын айтып, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.

Ысык-Атада бир ай мурун жансыз денеси табылган адамдын кызынын кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bars06
2021-12-03 10:50:18
Жакшы иш кылбапсын...
+10
Gulina00
2021-12-03 10:55:40
Рас болуптур ушуну жазбай эле койсунчу
+8
Karakoz90
2021-12-03 11:05:39
Оз агасын агалай албаган өзгөнү барып сагалайт деген ушул тууганым.Салбырабай жөн журсө Кыргызстандын желегин сыймыктанып желбиретип чыгат эле го. Колдоп коштоп сүрөп турбайт белек.
+14
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-03 12:46:26
Бөрү баласы ит болбойт деген ушуда
+8
Medina87
2021-12-03 13:00:57
Baha.Kyrgyzstan,
КЫРГЫЗга КЫРГЫЗ гана Куйот!!
+6
Mirnar
2021-12-03 14:37:25
Муну Кыргыз жараандыгынан ажыратуу керек.
+5
Alixan-Nookat.2015
2021-12-03 16:53:15
Биринчи раундта уктата койсо экен
+5
Nursul
2021-12-03 20:44:40
Кыз болсо энесин коркутат болуп ушунуку өттү башка өлкөнүн желеги менен чыгабы же чыкпайбы бизге эмне. Өзүнөн өзү курактуу болуп атат мага деп алып чыга бербейби каалаган өлкөсүнүн желеги менен.
+3
Bishkek-Kg
2021-12-03 22:51:15
Кааласаң трусаңы илип алып чык, бизге ващще кызыгы жок сенин бойлоруңун. Сага тилегим нокаут менен жеңил буйруса!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан