19-ноябрда Токмок шаардык соту 3 адамды мыкаачылык менен өлтүргөн эки жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык сотунун чечими менен 39 жаштагы Э.Т., 32 жаштагы Д.А. жана 31 жаштагы М.Б. аттуу жарандарды өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. аттуу жарандар өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышты.
Окуянын чоо-жайы:
9-январь күнү Бишкек шаарында иштеген Д.А. аттуу жаран Токмоктогу эч ким жашабаган үйүнө барган. Барса үйүндө кошунасы Болот (аты өзгөртүлдү) уруксатсыз жашап жаткан болот. Д.А. Болот менен араздашып кетет. Анан үйгө келип уктап жатканда, Болот кирип телефонун алып чыгып кетет. Ал телефонун таппай, кошуналардан үйгө ким киргенин сурайт. Алар Болотту көрүшкөнүн айтышат.
Ошол күнү, 9-январда саат кечки тогуздар чамасында Д.А.нын үйүнө Болот кеминдик К.Т жана С.М. аттуу эки киши менен кирип келет. Алар белгилүү бир себептер менен Э.Т.нын үйүнө барышат. Ал үйгө баш-аягы 10 киши топтолуп арак ичишкен соң жарымы үйлөрүнө кеткен. Ал эми үйдө К.Т., С.М. жана андан сырткары үч адам калат. Ал жерден ич ара чатак чыгып, биринчи Д.А. андан соң М.Б, анан Э.Т. аёосуз токмоктолгон. Э.Т.нын баш сөөгү сынып ошол жерден жан берет.
Д.А.нын апасынын айтымына караганда, уулун сырттан кетмен, күрөктүн сабын чыгарып келип сабашкан. Анын каракуш сөөгү сынып, сөөк ачылып калган мээсине сайылып, оң көзү чыгып кеткен. Бети айнек менен тилинип, денесине төрт жолу бычак сайылган. Ал ооруканага жетпей жан берген.
Э.Т.нын эжесинин айтымында, кошунасы Э.Т.дан кабар алуу үчүн келип, ар кайсы жерде адамдар кан жалап жатканын көрүп милиция менен “Тез жардам” чакырган.
Милиция кызматкерлери үйдө Болоттун болгонун аныкташкан. Аны суракка алганда, ал кеминдик эки эркек тууралуу айтат. Ал экөө өз үйлөрүнөн кармалышкан. Экөө үйлөрүнө кийимдери кан боюнча барып “үч кой союп келдик” деп айтышкан.